“Джерүйдү” иштетүүчү компания 3 млрд 558 млн сом салык төктү

13 октября 2021 13:04 2939 Barometr
Поделиться в:
ok

10-октбярда “Джерүй” алтын кенин иштетип жаткан  - “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун салык төлөмдөрүнөн жалпы 3 млрд 358 млн 251 миң 424 сом, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен 1 млрд 424 млн 588 миң 864 сом республикалык жана жергиликтүү бюджетке  которулду.

2021-жылдын 10-октябрын утурлай “сатуудан түшкөн каражаттардын 2 пайызы жергиликтүү маанидеги инфраструктураны камсыздоо жана өнүктүрүү үчүн” статьясы менен жергиликтүү бюджетке 149 млн 753 миң 160 сом чегерүү бөлүндү. Анын ичинде:

-  Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 74 876 580 сом.

-  Талас районун өнүктүрүү фонду (30%) – 44 925 948 сом.

-  Бекмолдо айыл өкмөтүн өнүктүрүү фонду (20%) – 29 950 632 сом. 

Ссылка: https://barometr.kg/dzherjd-ishtetch-kompaniya-3-mlrd-558-mln-som-salyk-tkt



Добавить комментарий