Джефф Безостун компаниясы космоско адамдарды учурууга лицензия алды

14 июль 2021 13:53 787 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Миллиардер Джефф Безостун Blue Origin компаниясы АКШнын Федералдык жарандык авиация башкармалыгынын космоско адамдарды учуруу боюнча лицензиясын алды. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Безос космоско 20-июлда New Shepard космостук корабли менен учат. Blue Origin  компаниясына берилген лицензия августка чейин жарактуу.

Эскерте кетсек, учурда дүйнөнүн байлары Ричард Брэнсондун Virgin Galactic, Джефф Безостун Blue Origin жана Илон Масктын SpaceX компаниялары жаңы өнүгүп келе жаткан космостук туризмдин рыногун ээлеш үчүн ат салышып жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/dzheff-bezostun-kompaniyasy-kosmosko-adamdardy-uchuruuga-licenziya-aldy



Добавить комментарий