Дубайдын ханзадалары карындаштарына үйлөнүштү

10 июнь 2019 10:50 25454 8 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дубайдын эмири, Бириккен араб эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри шейх Мухаммад бин Рашид аль-Мактумдун үч уулу Дүйнөлүк соода борборунда дүркүрөгөн үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Бул тууралуу 1news.az. кабарлады.

Никелешүү май айынын ортосунда болгон. Эми шаң-салтанат менен эркектер гана катышкан үч үлпөт той удаа өткөрүлдү.

Аялдар тойду өзүнчө белгилешти, интернетке алардын сүрөттөрү жаряланган жок.

Дубайдын мураскор боло турган ханзадасы шейх Хамдан учурда 36 жашта, ал өзүнүн аталаш туугандарынын кызына үйлөндү.

Анын бир тууганы өкүмдардын орун басары 35 жаштагы Мактум дагы өзүнүн аталаш тууганынын кызы Мариам бинт Бутти аль Мактумга баш кошту.

32 жаштагы ханзада, Билим фондунун төрагасы шейх Ахмед дагы аталаш тууганынын кызына баш кошту.

Алардын атасы, Дубайдын өкүмдары тойдогу сүрөттөр менен Instagramдагы баракчасына бөлүштү.

Тойго Өзбекстандын президентинин уулдары дагы катышканы маалымдалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/dubajdyn-hanzadalary-karyndashtaryna-jlnsht



Добавить комментарий