Дубайдын ханзадалары карындаштарына үйлөнүштү

10 июня 2019 10:50 25455 8 Barometr
Поделиться в:
ok

Дубайдын эмири, Бириккен араб эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри шейх Мухаммад бин Рашид аль-Мактумдун үч уулу Дүйнөлүк соода борборунда дүркүрөгөн үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Бул тууралуу 1news.az. кабарлады.

Никелешүү май айынын ортосунда болгон. Эми шаң-салтанат менен эркектер гана катышкан үч үлпөт той удаа өткөрүлдү.

Аялдар тойду өзүнчө белгилешти, интернетке алардын сүрөттөрү жаряланган жок.

Дубайдын мураскор боло турган ханзадасы шейх Хамдан учурда 36 жашта, ал өзүнүн аталаш туугандарынын кызына үйлөндү.

Анын бир тууганы өкүмдардын орун басары 35 жаштагы Мактум дагы өзүнүн аталаш тууганынын кызы Мариам бинт Бутти аль Мактумга баш кошту.

32 жаштагы ханзада, Билим фондунун төрагасы шейх Ахмед дагы аталаш тууганынын кызына баш кошту.

Алардын атасы, Дубайдын өкүмдары тойдогу сүрөттөр менен Instagramдагы баракчасына бөлүштү.

Тойго Өзбекстандын президентинин уулдары дагы катышканы маалымдалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/dubajdyn-hanzadalary-karyndashtaryna-jlnsht



Добавить комментарий

  • Аталаш туугандарына да боло берет экен да аа,байлык да
  • Эгер бул кабар чын болсо тууганына үйлөнгөндөн өткөн айбанчылык жок, мындайда көбүнчөсү майып бала туулат , ошон үчүн кыргызда туугандар ара кыз адып кыз берүүгө тыйуу салынган.
    • Олор Арап туугандар шариятты карайт олор акмак эмес ошон учун уйлонду тууганым чолок ойлобо.
  • Каапыр арабтар.
  • Эээнен ушул самые арабтарды анан Кыргызстан ыйык тутуп, биздни кыргыз дын эле салаты мыкты!!!!
  • Араб туугандарда Боло берсе керек. Сиздер план шариатты карманами деп жатпайсыздарбы, анда, Адам Ата менен Хава мнение деле балдары карындаштарына үйлөнгөн болуш керек.
  • Адамдар дуйнону толтуруш учун озулорунун карындаштарына уйлонгон андан кийин гана канча бир кылымдар откондон кийин тыюуу салынып келген ал деген кудайдан буйрук келгенден кийин тыюуу салынган бирок ага деле болбой уйлонушкон анан токтотуу учун балдары ара торолгон ошондон кийин бир тууганга уйлонушкон эмес
  • Балдары оорулуу болуп калат да.Кыргызда жети ата өткөндөн кийин уруксат берилет.Жети атаңды бил.