Дубайда эми пилотсуз абада учкан таксилер кызмат көрсөтө баштайт

2 сентябрь 2020 14:35 791 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дубайдын транспорт башкармалыгы Эмираттын аба авиация башкармалыгы менен пилотсуз аба таксилерине атайын аба каттамын түзүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Жол жана транспорт департаменти өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.

Маалыматка ылайык, пилотсуз аба такси долбоору Sky Dome деп аталат. Дубайда транспорттун жаңы түрү үчүн көптөгөн конуу аянттары түзүлүп, анын маршруту белгилүү бир бийиктикте болот.

 Ири дрондорго окшогон учкучсуз такси эки жүргүнчүнү батыра алат. Пилотсуз унааларды сыноо Эмиратта 2017-жылы башталган. Жергиликтүү бийликтер 2030-жылга чейин Дубайдагы транспорттун 25 пайызы адамсыз болот деп күтүп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/dubajda-emi-pilotsuz-abada-uchkan-taksiler-kyzmat-krst-bashtajt



Добавить комментарий