Дубай эмиринин кызы атасы тарабынан зомбулукка кабылып, камалып турганын айтып БУУга кайрылды
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) Дубай эмири, миллиардер Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун кызы Латифанын тагдыры боюнча расмий сурам жөнөттү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
БУУнун адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Руперт Колвилл билдиргендей, Британиянын Би-Би-Си телеканалы жарыялаган принцессанын видео кайрылуусун деталдуу анализдеп чыккандан кийин уюм бул окуяга кийлигишүүнү туура көргөн. Видео кайрылууда Дубай эмиринин кызы атасы аны Дубайда бармтага алып, күч менен кармап турганы айтылат.
Латифанын айтымында, ал 2018-жылы падышалыктан качууга аракет кылган соң эркиндигинен ажыратылган. Ханбийке учурда түрмөгө айланган виллада кармалып тургандыгын айтты.
"Терезелеринде тосмолор бар жана аны ар дайым кайтарып турушат, мен бир гана ваннада өз алдымча жалгыз боло алам", - деп айтат карйлууда ханбийке. Видеодо ханбийке өз өмүрүнөн коркорун айтат.
Латифанын атасы тарабынан Дубайда камалып турганы тууралуу Би-Би-Сиге анын жакын курбусу Тиина Джаухайнен жана тууганы Маркус Эссабри билдирген. Алар Латифанын коопсуздугунан коркуп, эл аралык уюмдарга жана ММКларга билдирүүнү туура көрүшкөн.
Андан кийин, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Лондон ханбийкенин тагдырына кабатыр экенин, бирок эч кандай шашылыш кадамдарга барбастыгын, бирок "БУУнун иликтөөсү кандайча алга жылаарын күтөрүн" билдирген.
Принцесса Латифа 2018-жылдын февраль айында жаңы жашоо баштоо үчүн Дубайдан качууга аракет кылган. Анын айтымында, үйдө ага унаа башкарууга жана саякаттоого тыюу салынган. Бирок, качып кеткенден бир нече күн өткөндөн кийин, Ханбийке Латифа Индия океанындагы кайыкта атайын деңиз аскерлеринин колуна түшкөн. Ханбийкени Дубайга алып кетишип, ал ошол жерде калган.
2019-жылы Дубай Эмиринин алтынчы аялы дагы Улуу Британияга качып кетип, жолдошуна каршы британ сотуна доо арыз берген.
Добавить комментарий ×