ДСУ: Пандемия 2022-жылы дагы уланат

21 октябрь 2021 17:57 1758 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясы 2022-жылы дагы улана турганын эскертти. Бул тууралуу News First булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

ДСУнун башкы директорунун улук кеңешчиси Брюс Эйлвард пандемия 2022-жылдын көп мезгилине чейин уланып кетүүсү мүмкүн экенин, анткени дүйнөнүн бир катар кедей өлкөлөрү жетиштүү сандагы вакцинаны албай жатканын билдирди. ДСУнун өкүлү өнүккөн өлкөлөр жакыр мамлекеттерге вакцина берүү программасы боюнча өз милдеттерин аткарбай катканын кошумчалады.

“Чынын айтыш керек колдон келбей жатат. Биз чындап эле ылдамдабасак болбойт, андай болбогон кезде эмне болорун билесиздер. Андай болсо бул пандемия дагы бир жылга уланышы толук мүмкүн”,-деп түшүндүрдү Эйлвард.

Ошондой эле ДСУ COVID-19га каршы эмдигиче эмдөө баштай элек өлкөлөр бар экенин да белгиледи.

 

Ссылка: https://barometr.kg/dsu-pandemiya-2022-zhyly-dagy-ulanat



Добавить комментарий