ДСУ коронавирустка каршы дагы бир вакцинаны жактырды

4 ноябрь 2021 11:52 2052 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюму Индиянын Bharat Biotech өндүрүшчүсүнүн коронавируска каршы Covaxin вакцинасын жактырды. Бул тууралуу ДСУнун Twitter баракчасында маалымдалганын “Барометр” кабарлайт.

Бул препаратты Bharat Biotech компаниясы иштеп чыккан. Техникалык консультациялык топ Covaxin дарысы COVID-19дан коргой турган баардык стандарттарга төп келет деп аныктады.

Covaxin интер активдүү вирустун негизинде жасалган. Ал классикалык схема боюнча иштейт, тактап айтканда организмге иммундук реакция пайда кылыш үчүн “өлтүрүлгөн” коронавирустун фрагменттерин жеткирет.Буга чейин Кытайдын CoronaVac  жана Sinopharm вакциналары ушул негизде жасалган.

Дарыны 18 жаштан жогору курактагы адамдарга кабыл алууга сунушталды жана эки доза менен алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/dsu-koronavirustka-karshy-dagy-bir-vakcinany-zhaktyrdy



Добавить комментарий