ДСУ "дельта" штамм үчүн дүйнөлүк коомчулуктан 7 млрд доллар сурады

17 август 2021 11:23 1259 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо (ДСУ) уюму дүйнөлүк коомчулуктан коронавирустун кооптуу варианттары, анын ичинде “дельта" штаммынын жайылышы менен күрөшүү үчүн 7,7 миллиард доллар сурады. Бул тууралуу Мockva.ru. булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесустун айтымында, бул каражаттарды таап жана көбүрөөк жакыр делген мамлекеттерде дельта-штаммдын жайлышын токтотушпаса, дүйнөлүк коомчулук мунун “азабын” кийинки жылы тартат.

Аталган сумманын бир бөлүгү-2,4 миллиард доллары калкынын кирешени аз жана төмөн болгон өлкөлөрдү тестирлөөгө жумшалмакчы. Медицина кызматкерлерин коргоочу каражаттарга 1,7 миллиард доллар, коронавирустун оор формасы менен жабыркагандарды дарылоочу ооруканаларды кычкылтек менен жабдыш үчүн 1,2 миллиард доллар керек.

ДСУ учурда дүйнө пандемиянын курч фазасында турганын белгиледи. Ошондой эле жаңы штаммдардын пайда болуу коркунучу бар.

Учурда дүйнөдө "альфа", "бета", "гамма" жана "дельта штаммдарды басымдуулук кылууда, бирок көбүрөөк кооптуу мутациялардын болушу дагы күтүлүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/dsu-delta-shtamm-chn-djnlk-koomchuluktan-7-mlrd-dollar-surady



Добавить комментарий