ДССУ: жаңы пандемия азыркыдан дагы коркунучтуу болот

25 май 2021 14:17 2814 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Адамзат дагы бир жаңы пандемияга туш болот. Ал азыркыдан дагы коркунучтуу. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Гебресиес шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Бул вируска караганда дагы жугуштуу жана өлүмгө алып келе турган дагы бир вирус болот. Короновирустун айынан камдимки жашообузга келүү кыйындады. Көптөгөн жаман окуялар болду. Пандемияны жеңүү үчүн коронавируска каршы вакцина алуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо керек. Бирок бул талаптарды баары бирдей аткарбай эле. Вирустар менен күрөшүү үчүн мамлекеттер атаандашпай, бири-бири менен кызматташуусу керек”,- деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш “COVID-19 пандемиясын 3,4 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган «азап цунами» деп атады. 

"500 миллион жумуш ордун жоготту. Экономикалык чыгым миллиондогон долларга бааланууда", - деп билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/dssu-zhay-pandemiya-azyrkydan-dagy-korkunuchtuu-bolot



Добавить комментарий