Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Кыргызстанда коронавируска кабылгандар жок

13 март 2020 09:28 1695 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова көптөгөн өлкөлөргө тараганына байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткенин жарыялагандыгын эскертип, чек арадагы тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын баса белгиледи.

Мамлекеттик органдар дүйнөдөгү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп турушат.

«Дүрбөлөң түшүүгө себеп жок. Кыргызстанда коронавируска кабылгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Өкмөт ачык иш алып барууда жана коронавирус боюнча жарандарды өз убагында маалымдап турат», – деди ал.

Вице-премьер-министр кыргызстандыктарды социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого, Саламаттык сактоо министирлигинин жана Республикалык штабдын сунуштамаларын карманууга чакырды.

Республикалык штаб бардык кыргызстандыктарды балдарды каникул учурунда соода-оюн-зоок жайларына, оюн аянтчаларына, оюн залдарга жана башка эл көп болуучу жайларга алып барбай, каникулду үйдөн өткөрүүгө чакырат.

Жыйында белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин башка өлкөлөргө иш сапарларды токтотуп туруу сунушталды.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 5 миңге жакындап, вирус 131 647 кишиге жукканын ырасталды.

Ссылка: https://barometr.kg/drbl-tshg-sebep-zhok-kyrgyzstanda-koronaviruska-kabylgandar-zhok



Добавить комментарий