«Дордой» базарында милиционер үч жаштагы балага тиш салган итти атты

17 май 2019 12:35 3744 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн райондук күзөт бөлүмүнүн кенже сержанты Адилет Бекжанов ээси жок иттен үч жаштагы баланы куткарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 16-майда болжол менен саат 15:00дө болгон. «Дордой» базарынын жанында жайгашкан күзөт постунда турган Адилет Бекжанов көчөдөн кыйкырыкты угуп калган. Ал чуркап барган кезде жаалданган ит баланы тиштеп калганын көргөн.

Топтолгон элдер баланы иттен ажырата албай турушкан.Бул арада ит баланы ары-бери сүйрөй баштаган. Милиция кызматкери табелдик куралды колдонууга мажбур болгон. Ал баланын саламаттыгына жана өмүрүнө коркунуч келтирген итти аткан.

Ушундан кийин милиция кызматкери тез жардам чакырып, алар баланы ооруканага алып кетишкен. Баланын ата-энеси милицияга ыраазчылык билдиришүүдө.

КРнын “Ички иштер бөлүмү жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктуна ылайык милиционер айбанаттар кол салган учурда табелдик куралын пайдаланууга укуктуу.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/dordoj-bazarynda-milicioner-ch-zhashtagy-balaga-tish-salgan-itti-atty



Добавить комментарий