Дональд Трамп менен Владимир Путин июлда жолугушаары күтүлүүдө

23 июнь 2018 08:10 1327 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

АКШнын президенти Дональд Трамп  Владимир Путин менен жолугушуусу июлда өтүшү мүмкүн экендигин маалымдады. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Басылма эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу  НАТОнун 11-12-июль күндөрү Брюсселде өтө турган саммитине чейин же Трамптын Улуу Британияга пландалган 13-июлдагы сапарынан кийин болушу күтүлүүдө. 

Бейшембиде  АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Москвага бара турганын  ырастады. Жон Болтон анда Трамп менен Путиндин ыктымал жолугушуусун талкуулайт. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Гаррет Маркис кийинки жумада Болтон коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн алгач Лондон менен Римге барып, андан соң Москвага уча турганын белгиледи.

Улуу Британия Путин менен Трамптын Түндүк атлантика союзунун саммитине чейин  жолугушуусуна тынчсыздануусун билдирип, бул НАТОнун биримдигине коркунуч келтириши мүмкүн экендигин билдирген. 

19-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамп НАТОнун саммитине чейин жолукпай турганын ырастады.

Маалыматты англис тилинен кыргызчага Barometr.kg сайты которду.



Ссылка: https://barometr.kg/donald-tramp-menen-vladimir-putin-iyulda-zholugushaary-ktld



Добавить комментарий