Дональд Трамп Америкалык сенатор-республикачы Жон Маккейндин акыркы сапарга узатуу тажыясына келбейт

28 август 2018 12:00 962 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Америкалык сенатор-республикачы Жон Маккейндин сөөгү ушул жуманын акырында Мэриленд Штатынын Аннаполис шаарындагы аскер аба күчтөрүнүн көрүстөнүнө коюлат. Сенаторду акыркы сапарга узатуу тажыясына Американын президенти Дональд Трамп катышпай тургандыгын CNN телеканалына билдирди. Жон Маккейн менен Дональд Трамп партиялаш болсо дагы, саясий көз караштары карама-каршы келип, көп жерден сенатор Дональдды сынга алып келген. Андыктан анын акыркы керээзи Трамптын анын узатуу зыйнатына катышуусун каалабай тургандыгын билдирип кеткен. 

Ал эми маалыматтарга ылайык, мурунку президенттер Жорш Буш жана Барак Обама катышат. 

Жон Маккейн дүйнөлүк саясаттагы беделдүү адамдардын бири катары белгилүү. Ал 24-августта башындагы шишикти дарылатуудан баш тартып, андан бир күн өтпөй эле 25-августта  ишембиден жекшембини караган түнү каза болгон. Жанында аялы, балдары болушкан. 

Жон Маккейн 1936-жылы 29-августта туулган. Аризона штатынан алты ирет сенаторлукка шайланган. 2008-жылы Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болуп, Барак Обамадан жеңилип калган. 

Дүйнө лидерлери Жон Маккейнди Американын улуу патриоту, Израилдин улуу досу, беделдүү саясатчы катары эскерүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/donald-tramp-amerikalyk-senator-respublikachy-zhon-makkejndin-akyrky-saparga-uzatuu-tazhyyasyna-kelbejt



Добавить комментарий