Доллардын курсу дароо 85 сомго чейин көтөрүлдү

19 март 2020 18:02 948 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Учурда бир катар банктар доллардын курсун 85 сомго чейин чыгарды. Саат 18:00гө карата kurs.kg сайтындагы маалыматтар боюнча “Бай Түшүм” банкы бир долларды 85 сомдон сатып, 72,90 содмон сатып алууда. Ушундай эле абал “Кыргызкоммерцбанктында” сакталууда. “Кыргызстан” банкы болсо бир долларды 73 сомдон сатып алып, 85 сомдон сатууда.

Эскерте кетсек, 10-мартта доллардын курсу кескин өсүп, 69,90 сомдон 73 сомго чейин чыгып кеткен. Валюта рыногундагы мындай олку-солку абалы жөнгө салуу үчүн Улуттук банк интервенция жасап, 53,7 миллион долларды саткан.

Улуттук банктын төрагасы сомдун курсу 2-3 айда бир калыпка түшүп каларын айткан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/dollardyn-kursu-daroo-85-somgo-chejin-ktrld



Добавить комментарий