Доллар эмне үчүн дүйнөлүк валютага айланып калган? Жалпак тил менен түшүндүрмө

6 апрель 2020 19:19 2558 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов эмне үчүн доллардын куну күн санап өсүп жатканын жана эмнеге дүйнөдөгү соода-сатык долларга байланганын түшүндүрүп берди.

Анда сөз башынан болсун.

“Доллар көтөрүлүп, сомдун наркы түшүп жатат, демек экономиканын кынтыксыз иштеген эрежеси боюнча бул көрүнүш, кымбатчылыкка, ал эми кымбатчылык-жакырчылыкка алып келет. Мындан улам, көпчүлүктүн "эмнеге баардыгын доллар чечет(?), эмнеге бүт дүйнө экономикаларын доллардын куну аркылуу өлчөшөт(?), - деген реалдуу логикалык суроосу жаралат.

Эми мен билгенимди жалпак тил менен түшүндүрүп берүүгө аракет кылайын... Экинчи дүйнөлүк согушка чейин эл аралык соода-сатыкта, дүйнөлүк экономикада доминант акча катары Англия фунт-стерлинги таанылчу, анткени дүйнөнүн дээрлик көп мамлекеттери Англиянын колониясы болуп, дүйнөнүн жарымы бирдиктүү экономика системасына баш ийчү. 1929-жылы АКШда фонд биржаларында спекулятивдик жол менен кымбаттап кеткен корпорациялардын акциялары күтүүсүз урап түшүп, банктар, ири ишканалар күн санап банкроттука учурап башташат. Өлкөдө жумушсуздук, жакырчылык, кылмыштуулук күч алат. Бул кризис 1929-1933 жылга чейин созулуп, тарыхта бул жылдар Улуу депрессия жылдары деп аталып калганы ошондон.

1933-жылы АКШ президенттигине Франклин Рузвельт келип 1945-жылга чейин АКШны Улуу депрессиядан чыгарып, ал тургай долларды дуйнөлүк акчага айлантып кетет. Гитлер биринчи дүйнөлүк согушту 1939-жылы Европадан баштап жиберет. Европа ал маалда АКШнын Улуу депрессиясынын кесепетинен экономикалык кыйынчылыктарга кабылып, андан араң чыгып келе жаткан мезгили эле. Согуш ого бетер экономикалык туңгуюкка алып келет. Бирок, Американын ВВПсы (ички дүң продукциясы) 1937-1945 жылдары болуп көрбөгөндөй көтөрүлөт, анткени Европадан көптөгөн ири заказдар түшүп турган. Курал жарак, оор техника, жабдык, кийим-кече, өндүрүштүн баардык тармагы боюнча АКШ Европаны камсыздап турган.

Ошентип, Европанын накталай алтындары АКШга топтолгон. 1943-жылы Тегеранда Сталин, Черчиль, Рузвельт жолугуп Гитлерге каршы экинчи фронт ачуу боюнча макулдашат. Натыйжада "оверлорд" операциясы 1944-жылы башталып, фашисттик Германияга каршы экинчи фронт ачылат. Бул кырдаалды Рузвельт койо берген жок, ал учурдан пайдаланып, 1944-жылы Америкада дүйнөдөгү күчтүү экономикасы бар 44 мамлекеттин катышуусунда Бреттон-Вуд конференциясын өткөрөт.

Дал ошол жерде Англия менен АКШнын ортосунда дүйнөлүк акча статусу туралуу кызуу талаш жаралат. Англиянын экономисти Кейнс бүткүл дүйнөлүк "Банкор" деген акча колдонулсун жана ал акчанын обороттогу укутарын, баалулугун эл аралык клиринг палатасы жөнгө салсын, деген сунуш берет. АКШнын финансы министри Моргентау эл аралык акча болуп доллар эсептелсин, АКШ долларга аныкталган так (фиксированный) баада алтын сатып алууга милдеттеме алат, деген сунушун өткөрөт.

Ушул жагдай көбүн кызыктырат, анткени ошол маалда дүйнөнүн дээрлик көп алтыны АКШ да топтолгон эле. СССР тышкы соода министиринин оорун басары Степанов жана Кытай өкмөтүнүн жетекчиси Чан Кайши дагы бул сунушка макул болууга аргасыз болушат. Анткени Сталинге ошол кездеги эң бакубаттуу экономикасы бар АКШнын Гитлереге каршы экинчи фронтту ачуусу баарынан маанилүү болчу. Ошентип, 1944-жылы Бреттон-Вуд конференциясында дүйнөлүк финансы эрежеси кабыл алынып, АКШ доллары дүйнөлүк акча болуп таанылат. Ошол конференцияда штаб квартирасы АКШда жайгашкан Эл аралык валюта фонду (МВФ) жана Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы түзүлөт. 1945-жылы штаб-квартирасы АКШда жайгашкан Дүйнөлүк банк түзүлөт. Бул дүйнөлүк финасыны жөнгө салган үч институттун уставдык капиталынын көпчүлүгүн, башкача айтканда көзөмөлүн дагы АКШ түзөт. Баардык финансылык операцияларды доллар менен гана жүргүзүшөт. 1976-жылы Франция, Германия, Япония, Кытай, СССР акчалары эркин конвертация укугуна ээ болот, кийин евро дагы кошулат. Бирок, ушул күнгө чейин валюта рыногунда доллар менен бир дагы улуттук валюта атаандаша албай келишет. Анткени дүйнөлүк экономика рычагдары долларга байланып калган.

1974-жылы АКШ менен Сауд Арабия өлкөсү келишим түзүп, дүйнөлүк нефти өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК уюму, нефти доллар менен гана бааланат деген эрежени кабыл алышкан, нефтидоллар деген түшүнүк ушундан пайда болгон. Ал эрежеге макул болбогон мамлекеттер нефтисин экспортко чыгара албай калышат. Ошондуктан Россия дагы нефтисин долларга гана сатууга мажбур. ОПЕКтин мындай эрежеси доллардын дүйнөлүк "бакубаттуу валюта" болуп турушунун чоң кепилдиги. Бардык мамлекеттердин Улуттук Банк резервинде алтындын ордуна азыр доллар кармашат, Россия менен Кытай дагы.

Анткени доллар алтындан дагы туруктуу валютага айланды. Албетте дүйнөлүк валюта согушу болбой койгон жок, Кытай менен Россия доллардын таасирин азайтууга багытталган аракетин тынбай жасап келе жатышат, азырынча майнапсыз. Анткени экономиканын башаты: капитал - инвестиция, өндүрүш, соода-сатык. Бул үчөөнүн уңгусу банктар жана бирдиктүү эрежеге баш ийген эл аралык банк системасы. Ал системадан бир да банк чыга албайт.

Ал эми ошол банктар күнүгө дүйнөлүк валюта рыногунда эркин конвертациядагы улуттук валюталарды сатып алышат. Ошол рынокто улуттук валюталар фючерстер (атайын келишим) аркылуу сатылат, сатып алынат. Реалдуу табигий рыноктун эрежеси боюнча доллардын куну баарынан жогору жана туруктуу.

Ошондуктан Банктар кредитти доллар менен берет, өндүрүшчүлөр товарды долларга сатат, банктык салымдар доллар менен кармалат. Эл аралык валюта фонду (МВФ), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк бардык финансылык операцияларды доллар менен гана жүргүзүшөт. АКШнын бүгүнкү күндөгү ички дүң продуктусу (ВВП) 20580 жыйырма триллион беш жүз сексен миллиард , Кытай 13368 он үч триллион үч жүз алтымыш сегиз миллиард, Россия 1657 бир триллион алты жүз элүү жети миллиард, Кыргызстан 7,5 жети жарым миллиард долларды түзөт.. Кыскасын айтканда доллар көтөрүлсө, сом арзандайт, сом арзандаса кымбатчылык менен жакырчылык күчөйт. Ал эми доллар качан көтөрүлөт? Доллар-, импорт көбөйүп-экспорт азайганда, инвестиция ичке кирбей -сыртка качканда, көмүскө экономика (коррупция) күч алганда көтөрүлөт. Кыскасын жөнөкөйлөштүрүп айтканда ушундай. Билип алуу абзел», — деп жазды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/dollar-emne-chn-djnlk-valyutaga-ajlanyp-kalgan-zhalpak-til-menen-tshndrm



Добавить комментарий