Улуттук банк: сомдун наркы эки-үч айда калыбына келет
Кыргызстандын Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов сомдун курсу өз нугуна 2-3 айдын ичине түшүп каларын Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.
Ал өз сөзүндө Кыргызстанды сомдун курсу эркин калкуу режиминде болгонун эске салды.
Абдыгулов Кыргызстандын экономикасы коңшу мамлекеттеги абалдан түздөн-түз таасири болбогону менен көмүскө түрдө таасир берерин айтты.
“Биздин экономикабыз Казакстан, Россия, Кытай менен трнасакцияларды жасайбыз, ал жактагы өзгөрүүлөр бизге түз таасир бербегени менен көмүскө таасир берет. Талап көп болгондуктан аларды канааттандыруу үчүн интервенция кылдык. Бардык талап жабылды, накт жана нак эмес түрдө дагы жасалды”, — деди ал.
Улуттук банктын төрагасы ошондой эле, учурда доллар, евро жана башка чет элдик валюталарды сатып алууда чектөө жок экенин кошумчалады.
Ал журналисттердин “доллардын курсу 70 сомго чейин түшүшү мүмкүнбү” деген суроосуна Улуттук банк андай божомол бербей турганын айтты.
“Улуттук банк доллардын курсу кандай болот деп божомол бербейбиз. Ар бир мамлекеттик улуттук валютасы ал тандаган режим боюнча аныкталат. Биздин улуттук валюта эркин калкууда жүрсүн деп тандаганбыз”, — деди ал.
Учурда Бишкекте бир доллар 72,9 сомдон сатылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-bank-somdun-narky-eki-ch-ajda-kalybyna-kelet
Добавить комментарий ×