Дөөлөт Сыдыков Манас атабызды дүйнөгө даңктап, Гиннес китебине каттатууга даяр

6 ноябрь 2020 16:05 750 Barometr
Бөлүшүү:
ok

12-ноябрда Бишкекте “Манас” эпосун дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китебине каттатуу үчүн, манас айтуу иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу иш чаранын менеджери Кокенова Гүлзардын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Дүйнөдө көлөмү боюнча “Манас” эпосунан чоң эпос жок. Башка улуттардан айырмаланып, “Манас” эпосу жаралгандан тарта ушул күндөргө чейин жандуу айтылып келет. Манас айтуу өнөрүн каалаган эле адам аркалай албайт. Андай улуу касиет тандамал адамдарга атайын белгилер аркылуу берилет.

Азыр баралына келип, ички руху жетилип турган заманыбыздын мыкты манасчысы Дөөлөт Сыдыков да манас айтуу өнөрүн түш көрүү, ээн талаада жалгыз манас айтуу, ичинен буюгуп жүрүп акыры манас айтуу жолуна түшүү менен бул улуу өнөрдү аркалап келет.

Дөөлөт Сыдыков беш жыл мурда 12 саат тынбай манас айткан. Азыр 37ге толуп, ички кубаты менен сырткы келбети, акыл-эси менен чыгармачыл көрөңгөсү толуп турган учуру. Ушундай кемелине келип турган убакытта Манас атабызды дүйнөгө даңктап, айтылуу рекорддор китебине каттатууга бел байлады.

Бир чети Кыргызстанда болуп өткөн акыркы окуялардан улам элибизди биримдикке чакыруу, кыргыз эли кыйын күндөрдө таянып келген Манас атабызга кайрылуу коомчулукка керек болуп турат. Рекорддук китепке катталуу үчүн манас айтууга бир топ даярдыктар көрүлүүдө.

Дөөлөт Сыдыков республикалык масштабдагы Манас айтуучулук өнөрү боюнча өткөн кароо-сынактарда баш байгелердин, алдыңкы орундардын жеңүүчүсү. Көптөгөн чет өлкөдө өткөн фестивалдардын катышуучусу жана лауреаты. 25 жашында өзүнүн вариантындагы "Сейтек" эпосун жазып, ал 2010-жылы көлөмдүү китеп болуп жарык көргөн. Манасчылык боюнча төмөнкүдөй кароо-сынактарда:

- “Башканы коюп, Манасты айт!” - 1-орун

- Куйручук олуянын 145жылдык мааракесинде - баш байге

- Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгында - баш байгеге ээ болгон.

Монголия, Түркия, Казакстан, Россия, Венгрия, Татарстан, Кытай (Үрүмчү), Алтай, Таджикистан ж. Б. өлкөлөрдө өткөн эл аралык конференциялардын катышуучусу, фестивалдардын лауреаты. Бир топ жыл мурун “Манас” эпосун руханий байлык катары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарына каттатып 157 мамлекет тааныганда Кыргызстандан барган 7 манасчынын бири Дөөлөт Сыдыков болгон.
Учурда айтылуу манасчыга атайын улуттук стилдеги кийимдер тигилүүдө. Дизайнер Аида Майташева жана "Үч арт" студиясы манасчынын кийимин тигип жатышат. Ал эми Бакыт чебердин колунан атайын өтүк ултарылып жатат. Баш кийимин буга чейин дагы манасчынын калпагын тигип келген Клара Бектемирова жана “Кийиз дүйнө” коомунун мүчөсү Агат Жумашевалар даярдашууда.
Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыковдун ден соолугун айтылуу дарыгер Гүлнара Ташыбекова көзөмөлгө алууда. Манасчынын күнүмдүк тамак-ашы да көзөмөлдө. Бишкектин борбордук Ала Тоо аянтына беш метр бийиктикке айнектен атайын жасалган боз үй орнотулуп, үн күчөткүч, LED экрандар коюлуп, саат көрсөтүлүп турмакчы. Мындан
тышкары бул иш-чараны баштан аяк сапаттуу тартуу камылгасы да көрүлүп жатат.
Ал эми бул улуттук иш-чараны бир топ ЖМКлар элге жайылтып, маалыматтык жактан колдоо көрсөтүшүүдө. Ошентип, 12-ноябрда эртең мененки саат 9дан тарта Улуу Манас атабызды даңктоо иши старт алат.

Ссылка: https://barometr.kg/dlt-sydykov-manas-atabyzdy-djng-daktap-ginnes-kitebine-kattatuuga-dayar



Добавить комментарий