Дүйшөнбиев: ӨКМ катардагы жоокерди электр жарыгын жасоого жөнөткөн. 29 жаштагы Токтобек токко урунуп каза болгон

13 октябрь 2020 14:27 551 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери Жолдошов Токтобек 29 жашында токко урунуп каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнин ардагери Кубанычбек Дүйшөнбиев «Барометрге» билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардагери Кубанычбек Дүйшөнбиевдин айтымында, Жолдошов Токтобек 9-октябрда токко урунуп каза болгон.

«Аны «Гансидеги» курулуш иштерине жөнөтүшкөн. Ал электр жарыгын жасоо үчүн барган, ошол жерде токко урунуп, каза болгон», - деди ал.

Эске салсак, ӨКМнын катардагы жоокери  Жолдошов Токтобек Жолдошович 9-октябрь күнү дүйнөдөн мезгилсиз кайтканы тууралуу жазганбыз.

Ссылка: https://barometr.kg/djshnbiev-km-katardagy-zhookerdi-elektr-zharygyn-zhasoogo-zhntkn-29-zhashtagy-toktobek-tokko-urunup-kaza-bolgon



Добавить комментарий