Дүйнөнүн эки лидери бүгүн Хельсинкиде жолугушат

16 июль 2018 21:50 1217 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Финляндиянын Хелсинки шаарында дүйнөнүн эки лидери Дональд Трамп менен Владимир Путин жолугушат. Жолугуу үчүн АКШнын лидери кечээ Хельсинкиге учуп келди. Ал эми жолугушуу 16-июлда саат 13:00 гө президенттик залда болоору күтүлүүдө. Буга чейин Трамп бир топ басылмаларга Путин тууралуу маек куруп, жолугушуудан маанилүү деле эч нерсе күтпөгөндүгүн айткан. Ал эми Хельсинки шаарында күчөтүлгөн режимде эки лидердин жолугушуусуна даярданышууда. Жергиликтүүлөр "Хельсинки тынчтыкты каалайт" деген плакаттар менен 15-июлда эки саясатчынын саясатына каршы демонстрацияга чыгышкан. 

Фин мамлекетинин башчысы Саули Ниинистё  кечээ президенттик резиденцияда биринчи айым Йенни Хаукио менен АКШнын президенти Трампты аялы менен тосуп алды. 

Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-eki-lideri-bgn-helsinkide-zholugushat



Добавить комментарий