Дүйнөнүн эң арзан шаарларынын катарына Ташкент менен Алматы кирди

18 ноябрь 2020 12:10 1197 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылы дүйнөлүк жашоо минимумун изилдөө боюнча, Экономист Интеллектуалдык Уюму (EIU) дүйнөдөгү эң арзан жана кымбат шаарлардын тизмесин аныктады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эң арзан шаарлардын сап башында, согуш жүрүп жаткан Сириянын борбору Дамаск дүйнөдөгү эң арзан шаар деп табылды. Ошону менен катары эле, арзан шаарлардын тизмегинде Өзбекстандын борбору Ташкент жана Казакстандын Алматы шаарлары да бар.

Дүйнөдөгү эң арзан метрополитендердин рейтингин аныктоо үчүн изилдөөчүлөр дүйнөнүн 130 шаарында азык-түлүк, суусундуктар, кийим-кече жана үй тиричилик буюмдарын камтыган 138 товардын жана кызматтын бааларын карап чыгышты.

Изилдөөнүн натыйжасында эң кымбат шаарлардын тизмесинде Гонконг, Париж жана Цюрих шаарлары лидер болушкан. Мурунку рейтингде биринчи орунду ээлеген Сингапур төртүнчү орунга түштү. Экономист Интеллектуалдык Уюмунун маалыматы боюнча, пандемия чет элдик жумушчулардын өлкөдөн чыгып кетишине алып келгендиктен, Сингапурда баалар төмөндөгөн.

Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлар:

1.  Гонконг;

1. Париж;

1. Цюрих;

4. Сингапур;

5.  Осака;

5.  Тель-Авив;

7.  Женева;

7.  Нью-Йорк; 

9. Копенгаген;

9 . Лос-Анджелес. 

Дүйнөнүн эң арзан шаарлары:

1. Дамаск;

2. Ташкент;

3. Лусака;

3.  Каракас;

5. Алматы;

6. Карачи;

6.  Буэнос-Айрес;

8. Алжир;

9.  Бангалор;

9. Ченнаи.

Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-kymbat-zhana-arzan-shaarlary-anyktaldy-e-arzan-shaarlardyn-katarynda-tashkent-menen-almaty-da-bar



Добавить комментарий