Дүйнөнүн эң бай адамы Джефф Безос Amazon компаниясынын башкы директорлугунан кетет

3 февраль 2021 10:03 908 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Amazon интернет дүкөнүнүн негиздөөчүсү Джефф Безос компаниянын башкы директорлугу кызматтан кетет. Мындай кадам анын жаңы ачылыштарга убактысын жана энергиясын көбүрөк сарптоого шарт түзөт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Дүйнөнүн эң бай адамы Безос компанияны башкарууну Amazon интернет дүкөнүнүн эсептөө бөлүмүн жетектеген Энди Джассиге өткөрүп берет.

Маалым болгондой, мындай  өзгөрүү 2021-жылдын экинчи жарымында болот.

"Мен эч качан мынчалык энергияга толгон эмесмин, компания тууралуу кабатырланбайм. Анткени бул жерде кесипкөй адамдар иш алып барышат", - деди 57 жаштагы ишкер.

Безос Амазонду 1994-жылы онлайн китеп дүкөнү катары негиздеген. Бүгүнкү күндө компанияда дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 300 миң адам эмгектенет жана өткөн жылы пандемия болуп, көптөгөн адамдар интернет-дүкөнгө өткөндө, компаниянын иши мындан бетер  жандана баштаган.

2020-жылы Amazon сатуу көлөмү 386 миллиард доллардан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 38% га көбөйдү, ал эми киреше дээрлик эки эсеге көбөйүп, 21 миллиард доллардан ашты.

Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-baj-adamy-dzheff-bezos-amazon-kompaniyasynyn-bashky-direktorlugunan-ketet



Добавить комментарий