Индиянын эң бай миллиардери жол кырсыгынан каза болду

5 сентябрь 2022 15:15 679 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиядагы белгилүү ишкер үй-бүлөлөрдүн биринин мураскору, миллиардер Сайрус Мистри жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Жол кырсыгы, Ахмедабад провинциясынан Мумбайга баратканда болгон. Кырсыкка кабылган Mercedes унаасынын ичинде 54 жаштагы Сайрус Мистри жана жардарчылары болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка айдоочунун жогорку ылдамдыкта келе жатып, башка унааны басып өтүүгө аракет кылганы себеп болгон. Натыйжада, унаанын рулун башкара албай көпүрөдөн өтүп бара жатып тосмону сүзгөн. 

Унаанын ичинде төрт адам болгон, алардын экөө гана кырсыктан аман калып, ооруканага жеткирилген. Калган экөө, анын ичинде Сайрус Мистри кырсык болгон жерде каза болгон.   

Полиция окуя боюнча деталдуу иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Мистринин өлүмүнө көңүл айтып, аны Индиянын алдыңкы бизнес лидер болчу деп атады.    

2012-жылдан 2016-жылга чейин Мистри Индиядагы эң ири компаниялардын бири болгон Tata Group көп улуттуу компаниясынын төрагасы болгон. Bloomberg Billionaires Indexтин маалыматы боюнча, Мистри 29 миллиард долларга жакын байлыкка ээ болгон жана аны Индиядагы эң бай адамдардын катарына кошкон.



Ссылка: https://barometr.kg/indiyanyn-e-baj-milliarderi-zhol-kyrsygynan-kaza-boldu



Добавить комментарий