Дүйнөлүк жаштар чемпионатында бүгүн Айпери Медет кызы күрөшөт

3 ноябрь 2021 12:42 6873 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U23) Айпери Медет кызы мелдешке чыгат. Бул тууралуу UWW сайтына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Кыргызстандык спортчу 76 кг салмак категориясы боюнча килемге чыгат.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 15.30да башталат.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы Осло шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү, Токиодо өткөн Олимпиадада бешинчи орунду ээлеген.

Белградда эртең дагы бир кыргызстандык балбан кыз Назира Марсбек кызы 57 кг салмакка чейинки балбандар арасында мелдешке чыгат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-zhashtar-chempionatynda-bgn-ajperi-medet-kyzy-krsht



Добавить комментарий