Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: коронавирус чочку тумоосунан дагы он эсе коркунучтуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жаңы чыккан коронавирус он жыл мурдагы чочко тумоосунан дагы он эске коркунучтуу, адам өмүрүн алган илдет экенин айтты.
The Independent басылмасынын жазышынча, чочко тумоосу 2009-жылдан январынан 2010-жылдын августуна чейин 1,6 миллион кишие жугуп, 18 миң адамдын өмүрүн алган.
“COVID-19 илдети ыкчам жайылып жатканын жана 2009-жылдагы пандемиядан 10 эсе коркунучтуу, адам өмүрүн алып жатканын көрүп жатабыз”, — деди ал.
ДСУнун башчысы коронавирус вирустун жайылуу темпи жогору болуп жатканын, саналуу күндөрдө эле илдет жуккандар менен каза болгондордун саны өсүп жатканын кошумчалады.
Акыркы маалымат боюнча коронавирус 2 миллионго жакын кишиге жугуп, 120 миңдей кишинин өмүрүн алды.
Кыргызстанда оору 430 кишиге жугуп, беш адамдын өлүмүнө себеп болду.
Добавить комментарий ×