Дүйнөлүк моданын легендасына айланган Вячеслав Зайцев Бишкекте өтө турган көргөзмөсүнө чакырат

13 май 2019 22:02 921 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк моданын легендасына айланган Вячеслав Зайцев 16-май күнү Бишкектеги  Frunze ресторанында өтө турган «Кызыл Диор» деп аталган театрлаштырылган көргөзмөсүнө чакырат.

«Кызыл Диор» модельер Вячеслав Зайцевдин коллекциясынын негизинде түзүлгөн. Анда россиялык моделдер катышат жана программада музыка, пластика, актердук чеберчилик, дүйнөлүк маанидеги жогорку мода камтылган.

Кутюрье чыгыш стилинде аткарылган коллекцияларды алып келет. Алардын кээ бирлери сатыкка да коюлат.

Вячеслав Зайцев — советтик жана россиялык сүрөтчү-модельер, живописчи жана график — 1938-жылы 2-мартта Ивановодо туулган.

1952-жылы Ивановодогу химиялык-технологиялык техникумда окуусун баштап, 1956-жылы «текстилдик сүрөттөрдүн сүрөтчүсү» адистигине ээ болгон.

1962-жылы Москва облустук эл чарба кеңешинин Эксперименталдык-техникалык тигүү фабрикасына жиберилип, көркөм жетекчи болуп дайындалган. Ишмердүүлүгүнүн башында эле Вячеслав Зайцев облустун жана айылдардын жумушчу аялдары үчүн атайын кийимдердин коллекциясын түзгөн. Ал методикалык кеңеш тарабынан четке кагылган.

Бир аздан соң аны  «Пари Матч» журналы «Ал Москвага моданы үйрөтөт» макаласы менен биргеликте басып чыгарган. Үч жылдан кийин,1965-жылы эч бир жерде жарык көрбөгөн коллекциянын авторун ошол макала боюнча Пьер Карден жана Марк Боан (Dior) издеп тапкан.

Көргөзмөдөн тышкары, конокторду ресторандын командасы тарабынан даярдалган фуршет жана суусундуктар күтөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-modanyn-legendasyna-ajlangan-vyacheslav-zajcev-bishkekte-t-turgan-krgzmsn-chakyrat



Добавить комментарий