Дүйнөлүк Кубок: Исламбек Орозбеков менен Айаал Лазарев коло медалдуу болушту
Сербияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Кубоктун алтынчы мелдеш күнүндө Кыргызстандык балбандар эки коло медалга ээ болушту.
17-декабрда эркин күрөш боюнча 5 медалдар топтому ойнотулду.
Исламбек Орозбеков 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдык баскычтан башташы керек болчу, бирок, атаандашы күрөшкө чыккан жок. Чейрек финалда кыргызстандык Индиянын балбанын жеңип, бирок, жарым финалда түркиялык спортчуга утулуп калды.
Коло үчүн күрөштө Орозбеков азербайжандык балбан менен менен кез келип, аны 6:5 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.
Ал эми, Айаал Лазарев 125 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандын атынан күч сынашып, Канада менен Молдованын спортчуларын эки жолу жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Лазарев Риодогу Олимпиадада утулуп калган польшалык Роберт Баранга утулуп калды.
Акыркы 3-орун коло медаль үчүн күрөштө Лазарев азербайжандык балбан менен кез келип, аны 11:0 эсебинде жеңип алып, коло медалдын ээси болду.
Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-kubok-islambek-orozbekov-menen-ajaal-lazarev-kolo-medalduu-bolushtu
Добавить комментарий ×