Дүйнөлүк чемпионатта Алибек Осмонов коло медаль алды

5 октябрь 2021 10:17 1083 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль утуп алды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Ал 3-октябрда 65 кг салмакка чейинки категорияда эркин күрөш боюнча турнирге катышкан.

Балбан 1/16 финалында Франциянын, Бразилиянын, Украинанын балбандарын катары менен жеңип, жарым финалга чыккан.

Финалга чыгарда кыргызстандык ирандык балбан менен катуу кармашып жеңишке жеткен.

Кечээ, 4-октябрда Осмонов поляк балбаны менен күрөшүп жыйынтыгында коло медалга ээ болду. Кыргызстандык поляк балбанын 4:1 эсебинде жеңди жана Кыргызстан үчүн аталган турнирде алгачкы медалды утуп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-chempionatta-alibek-osmonov-kolo-medal-aldy



Добавить комментарий