Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тармагына 46 миллион доллар бөлөт

10 сентябрь 2018 18:30 901 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тармагына 46 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитети 10-сентябрда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жактырды.

Анын алкагында жылуулук тармагын жакшыртуу, жабдууларды оңдоо боюнча долбоор үч баскычта ишке ашырылат. Каражат насыя жана грант түрүндө берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-bank-bishkektin-zhyluuluk-tarmagyna-46-million-dollar-blt



Добавить комментарий