Дүйнөдөгү эң кымбат купюранын дизайны жаңыланды
Швейцариянын Улуттук банкы 1 миң швейцар франкынын жаңы дизайнын коомчулукка алып чыкты. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайты бүгүн 5-мартта жарыялады.
Тогузунчу сериядагы банкнотто Швейцариянын улуттук банкы дизайндагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканы айтылат. Анда белгилүү инсандардын сүрөттөрү коюлбайт. Жаңы сериядагы ар бир белгиде «Швейцариянын көп кырдуулугу» мүнөздөлгөн деп сыпатталууда.
Купюра номиналдык баасы боюнча жүгүртүүдөгү эң кымбат болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, накталай акчаларды пайдалануудан акырындык менен оолактап бараткан башка өлкөлөргө салыштырмалуу Швейцарияда абал тескерисинче экени байкалат.
Өлкөнүн Улуттук банкынын билдиришинче, швейцариялыктардын 40 пайызы акыркы эки жылда CHF1000 купюрасын кеминде бир жолу колдонгон.
Ири өлчөмдөгү бул купьюра италия тилинде сүйлөөчү Тичино аймагында өзгөчө популярдуулук менен пайдаланылганы айтылат.
Швейцариянын Улуттук банкы маалымдагандай, жаңы банкнот ушул жылдын 13-мартынан тарта жүгүртүүгө чыгарылат.
Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-kymbat-kupyuranyn-dizajny-zhaylandy
Добавить комментарий ×