Дүйнөдө ВИЧ менен ооруган үчүнчү адам айыкты
Нидерландиялык врачтар ВИЧ жугузуп алган оорулуунун ийгиликтүү дарыланып чыкканын билдиришти. Бейтап толук түрдө сакайып чыккан. “Дюссельдорфдук бейтап мындай дарттан айыккан дүйнөдөгү үчүнчү адам болуп калды”,-деп маалымдайт naked-science.ru басылмасы.
Буга чейин илимде ВИЧ дартынан АКШнын жараны Тимоти Браунду толук айыктырышкан учур болгон. 2007-жылы ага донордун жүлүн мээсинин стволдук клеткаларын алмаштыруу менен операция жасашкан.
Анын натыйжасында Браун ВИЧ дартынан толук айыккан.
Ошондон бери адистер ушундай ыкма менен бир нече ирет аракет кылышып бирок оору жуккан бир да адамды айыктыра албай келишкен.
Nature журналына жакында лондондук бейтапты дал ушундай жол менен айыктырышканы тууралуу маалымат жарыяланган.
Эми ушундай жол менен ушундай ыкма менен дюссельдорфтук пацинетти дарылап айыктырышты. Ошентсе да мындай терапия, тактап айтканда жүлүн мээнин стволдук клеткаларын алмаштыруу антиретровирус терапияга караганда алда канча кооптуу экенин дарыгерлер эскертишүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/djnd-vich-menen-oorugan-chnch-adam-ajykty
Добавить комментарий ×