Окумуштуулар адамдын башынан илимге белгисиз бир органды табышты

21 октябрь 2020 10:04 668 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нидерландиянын Рак институтунун окумуштуулары илимге белгисиз, адамдын башына жашырылган, шилекей бездерине окшош органды табышты. Бул тууралуу “Радиотерапия жана онкология” журналында жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Доктурлар рак менен ооруган адамды сканер менен текшерип жатып, бул ачылышты кокустан таап алышты. Алар диагностикалык каражат аркылуу канга радиоактивдүү глюкозаны киргизип, контрасттык томография аркылуу шишикти денеден табуу керек эле. Бирок, жыйынтыгында, эксперттер сүрөттөрдөн эки белгисиз органды табышкан.

"Изилдөөдө көрсөтүлгөн эки орган шилекей бездеринин бардык өзгөчөлүктөрүнө ээ", - деп билдирди изилдөөнүн жетектөөчү автору, Амстердам университетинин хирургу Маттих Уолстар.

Анын айтымында, органга "түтүк бездери" деген аталыш берилген, анткени алар түтүктүү кырдын үстүндө жайгашкан (кекиртектин мурун бөлүгүндөгү бийиктикте).

Нидерландиянын онкология институтунун радиолог-онкологу Воутер Фогель ачылыш жөнүндө айтып берди.

«Адамда үч ири шилекей бези бар, бирок баш мээде жок. Белгилүү болгондой, мурун көңдөйүндөгү шилекей бездери микроскопиялык жактан кичинекей. Алардын миңге жакыны былжырлуу челдин үстүнө тегиз таралган. Ошондуктан, биз муну байкап калганыбызда, таң калганыбызды элестетип көрүңүз ”- деп комментарий берди адис.

Жаңы ачылган бездер сканер менен текшерилген 100 бейтаптын баарында табылган. Ошондой эле, илимпоздор эркек жана аялдын баш мээсин ачып көрүшкөндө, ушул "структуранын" бар экендигин тастыкташты.

 Изилдөөдө табылган түтүк бездери деп аталган нерсе мурда эч кандай маалымат булагында сүрөттөлбөгөндүгү айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-adamdyn-bashynan-ilimge-belgisiz-bir-organdy-tabyshty



Добавить комментарий