Дүйнөдө коронавирус бир суткада 10 миңдеген кишиге жукту

25 апрель 2020 09:26 935 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы маалымат боюнча коронавирус 2,75 миллиондон ашык кишиге жукту. Ошол эле маалда 195 455 кишинин өмүрүн алды. Оорудан айыккандардын саны 781 893 кишиге жетти.

Коронавирус илдети жуккандардын саны жана андан каза болгондордун көрсөткүчү боюнча АКШ дагы деле биринчи орунда. 890 524 кишиге оору жугуп, 51 017 киши каза болду.

Испанияда оору 219 764 кишиге жугуп, 22 524 киши өмүрү менен кош айтышты. Италияда 192 994 кишиден илдет табылып, 25 969 киши анын курмандагы болду.

Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Иран, Түркияда абал оору. Аталган мамлекеттерде ооруга чалдыккандар он миңдеп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/djnd-koronavirus-bir-sutkada-10-midegen-zhakyn-kishige-zhuktu



Добавить комментарий