Дүйнөдө биринчи ирет хирург телефон аркылуу адамдын мээсине оперция жасады
Кытайда дүйнөдө алгачкы ирет хирург бейтаптан үч миң чакырым аралыкта туруу менен адамдын баш мээсине операция жасады. Бул тууралуу China Global Television Network булагы кабарлады.
Ишемби күнү, 16-мартта Кытайдын Санья шаарында доктор Линг Жипей оорулууну операция жасоочу палатага тутуштырылган экран аркылуу оперцияны ишке ашырган. Атайын түзүмдөрдун жардамы менен ал бейтаптын башына чип жайгаштырды. Бул чип аркылуу бейтаптын Паркинсон дартынын канчалык даражада өөрчүп жатканын аныкташмакчы.
Операция үч саатка созулду. Линг Жипей телефондогу мобилдик интернет аркылуу процесстерди башкарып турду.
Учурда бейтаптын абалы жакшы.
Ссылка: https://barometr.kg/djnd-birinchi-iret-hirurg-telefon-arkyluu-adamdyn-meesine-operciya-zhasady
Добавить комментарий ×