Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан 315 миң киши каза болду

18 май 2020 09:40 891 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жер шарында коронавирустан 315 миң киши өлүп, 4,6 миллиондон ашык кишиге илдет жукту. Ошол эле маалда 1,7 миллиондон ашык киши оорудан айыкты.

Оору жуккандар жана андан каза болгондор боюнча АКШ биринчи орунда. Учурда оору 1,4 миллиондон ашык кишиге жугуп, 89 550 киши каза болду. Андан кийинки орунда Россия. 281 миңден ашык кишиден оору табылып, 2631 киши өмүрү менен кош айтышты. Үчүнчү орунда Улуу Британия. Бул мамлекетте 243 695 кишиге илдет жугуп, 34 636 киши о дүйнө салды. Андан сырткары Бразилия, Испания, Италия, Германия, Түркия, Франция, Иран, Индия, Перу, Кытайда абал оор. Аталган өлкөлөрдө оору жуккандардын саны он миңдеп саналат.

Ал ортодо Кыргызстанда дагы коронавирус жуккандардын саны миңден ашты.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhz-boyuncha-koronavirustan-315-mi-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий