Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 3,8 млн кишиге жукту
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 3,8 миллион кишиге жукканы ырасталды. Ошол эле маалда ооруну 1,3 миллионго жакы киши жеңип, ооруканадан айыгып чыгышкан. Илдет 268 393 кишинин өмүрүн алды.
Оору жуккандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда. 1,25 миллион кишиге оору жугуп, 75 649 киши оорунун курмандыгы болду. Испанияда 221 447 кишиден оору табылып, 26 070 киши каза тапты. Италияда 215 858 киши ооруга чалдыгып, 29 958 киши өмүрү менен кош айтышты.
Оору жуккандардын саны боюнча Россия алдыңкы бештикке кирди. 8-майга карата 177 160 кишиден коронавирус табылып, 1 625 киши андан өлдү.
Ошондой эле абал, Улуу Британияда, Түркияда, Францияда, Иранда, Кытайда оор.
Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhz-boyuncha-koronavirus-38-mln-kishige-zhuktu
Добавить комментарий ×