Дүйнө жүзү боюнча кофенин баасы асмандады
Бөлүшүү:
Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан улам киргизилген изоляция жана карантинден улам кофенин баасы кымбаттады.
CNBC телеканалынын маалыматы боюнча көпчүлүк кишилер аралыктан иштеп жатканы менен дүкөндө кофе сатып алууну каалагандардын саны арбыды.
Ал эми Нью-Йорктогу биржада кофенин арабика сортуна болгон баа 15%га өстү.
Адистердин айтымында, коронавирус пандемиясы көптөгөн тармакта төмөндөөнү шарттаганы менен тескерисинче кофеге болгон суроо-талапты жогорулаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhz-boyuncha-kofenin-baasy-asmandady
Добавить комментарий ×