Дүйнө жүзү боюнча 5,5 миллиондон ашык кишиге коронавирус жукту

27 май 2020 09:09 543 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча 5 миллион 549 миң 24 кишиге коронавирус жукканы расмий ырасталды. Ошол эле маалда 2 миллион 262 миңн 620 киши оорудан айыкты. 348 миңден ашык киши өмүрү менен кош айтышты.

Оору жуккандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда 1,6 миллиондон ашык кишиге илдет жугуп, 98 902 киши каза болду. Экинчи орунга Бразилия чыкты. Бул мамлекеттке 391 миңден ашык кишиден коронавирус табылып, 24 512 киши каза болду. Үчүнчү орунда Россия – 362 миңден ашык кишиге вирус жугуп, 3 807 киши өлдү.

Андан сырткары Улуу Британия, Испания, Италия, Франция, Германия, Түркия, Индия, Иран, Перу, Канада жана Кытайдын өзүндө абал туруктуу эмес. Күн санап оору жуккандардын саны өсүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhz-boyuncha-55-milliondon-ashyk-kishige-koronavirus-zhuktu



Добавить комментарий