Disney мультфильмдеринде "орунсуз сөздөр бар" деген айып менен балдарга көрүүгө тыюу салынды

25 январь 2021 17:33 3793 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Стриминг Disney + кызматы "зыяндуу стереотиптерди" жайылтканы үчүн бир нече белгилүү мультфильмдерди жапты. "Дамбо", "Питер Пэн" жана "Коты-аристократы" сыяктуу балдар фильмдери блоктолду. Бул тууралуу Daily Mail жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кызыгы, жогоруда айтылган мультфильмдерди көрүү балдар үчүн гана жабылган. Чоңдор анимацияланган классиканы көрө алышат, бирок, кызмат адегенде орунсуз мазмун жөнүндө эскертет. Ошентип, жети жашка чейинки балдарга жогоруда айтылган мультфильмдерди көрүүгө тыюу салынган.

Компания "Питер Пэн" мультфильмде индеецтерди “кызыл терилүү” деп атагандын айынан блоктолду деп түшүндүрдү. "Дамбо" фильминде алар расизмге, тактап айтканда, кара терилүү адамдарга шек келтирилет деген жүйөө болгон. "Коты-аристократы"  мультфильмде Шун Гон аттуу көзү кыйшык мышыктын айынан жабылган, анын көрүнүшү Чыгыш Азия элдеринин карикатурасы деп эсептелген.

Буга чейин, чет элдик басылмалар Disney + сервисиндеги бир катар мультфильмдер адепсиз стереотиптер жөнүндө эскертүү менен коштолоорун билдирип келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/disney-multfilmderinde-orunsuz-szdr-bar-degen-ajyp-menen-baldarga-krg-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий