Disney «Ледниковый период» мультфильмин жараткан студиясынын жабылганын жарыялады
Америкалык The Walt Disney Company компаниясы «Ледниковый период» жана «Рио» сыяктуу мультфильмдер сериясын жараткан Blue Sky студиясы жабыларын жарыялады. Бул тууралуу Bloomberg сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Өз билдирүүсүндө Disney Blue Sky студиясында кино тартууну токтотуу чечими учурдагы экономикалык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган деп билдирди.
Маалым болгондой, жакынкы эки айда студия иштебей калат. Болжол менен 450 адам жумушсуз калат.
Blue Sky студиясы 1987-жылы негизделген жана өзүнүн иштеши учурунда 10дон ашык толук метраждуу анимациялык фильмдерди жараткан. Анын долбоорлорунун ичинен эң атактуусу «Ледниковый период», "Рио" жана "Фердинанд" фильмдери болгон.
Disney да башка көңүл ачуучу компаниялар сыяктуу, коронавирус пандемиясы учурунда катуу жабыркаган. COVID-19дан улам, Disneyдеги парктар жабылып, адамдарга келүүгө чектөө коюлган. Мындан тышкары, алдыда тартыла турган көркөм тасмалар кийинкиге калтырылды.
Добавить комментарий ×