Бишкекте директордун тамак-ашына акча чогулткан мугалим иштен алынды

17 август 2020 13:05 11964 3 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы № 54 мектептин мугалими иштен бошотулуп, директорго сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

“Директордун тамагына жана башка чыгымдарга” деген жүйөө менен мыйзамсыз акча чогулткан мугалим иштен алынып, мектеп директору И.Борисовага сөгүш берилди. Ошондой эле, И. Борисованын № 54 мектептин директорлугу кызматын мындан ары улантууга ылайык келишими тууралуу маселе каралат.

16-август күнү, ата-энелер ММКга кайрылып, аталган мектептин фондуна акча чогултулуп жаткандыгы жөнүндө билдиришкен. Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери өз алдынча иликтөө жүргүзүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/direktordun-tamak-ashyna-akcha-chogultkan-mugalim-ishten-alyndy



Добавить комментарий