Динара Кемелова Вьетнамдагы Кыргызстандын элчиси болуп дайындалды
Динара Кемелова Сеул шаарындагы резиденциясы менен биргеликте Кыргызстандын Вьетнам Социалисттик Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Эскерте кетсек, Кемелова 2019-жылдын январь айынан бери Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси болуп иштеп келген.
Динара Кемелова 1971-жылы 24-июлда туулган.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык, эл аралык укук факультеттерин бүткөн.
ТИМде 1995-жылдан тартып иштеп келе жатат. 2015-2019-жылдары Тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.
Ссылка: https://barometr.kg/dinara-kemelova-vetnamdagy-kyrgyzstandyn-elchisi-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×