Димаш Кудайбергендин Европадагы концерттери болбой калды
Коронавирус пандемиясынан улам ырчы Димаш Кудайбергендин Европада пландалган концерттери болбой калып, кийинкиге жылдырылды. Ал Европа мамлекеттерин “Арнау” концерттик программасы менен кыдырмак.
Ага ылайык Прага, Гамбург, Дюссельдорф, Штутгарт жана Минск шаарында боло турчу концерттер кийинкиге жылдырылды. Аталган шаарларда концерт качан болору, так күнү кийин айтылат.
Уюштуруучулар мындай кадамдарга кишилерге коронавирусту жуктурбоо жана бир катар мамлекеттерде ири иш чараларды өткөрүүгө тыюу салуусу менен байланыштырууда.
Димаш Кудайбергендин жылдызы Кытайдагы I'm Singer конкурс телешоусунан кийин жанган. Ал жактан ал үчүнчү орунду камсыздап, Кытайда өз күйөрмандарын тапкан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/dimash-kudajbergen-evropadagy-koncertteri-bolboj-kaldy
Добавить комментарий ×