Димаш Кудайберген АКШ президентинин инаугурациясынын ачылышына чакыруу алды

5 январь 2021 15:56 4414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген 2021-жылдын 17-январында АКШ президентинин инаугурациясын майрамдоо жумалыгынын ачылышына арналган иш-чарага катышат. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Адатта, мындай иш-чараны эл аралык Sister Cities International ассоциациясы өткөрүп келет. АКШнын жаңы шайланган президенти Джозеф Байден анын ардактуу тең төрагасы болду. Иш-чарага ошондой эле дипломатиялык корпустар да катышат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу майрам 2021-жылдын 17-январында саат 19.00дөн 21.00гө чейин онлайн режиминде өткөрүлөт.

АКШ менен Казакстан мамилелеринин тарыхында биринчи жолу казакстандык ырчы Димаш Кудайберген президенттин инаугурациясынын ачылышына катышат.

16-январда, иш-чарага бир күн калганда, казакстандык ырчынын DIMASH DIGITAL SHOWнын биринчи онлайн концерти болот.

Ссылка: https://barometr.kg/dimash-kudajbergen-aksh-prezidentinin-inauguraciyasynyn-achylyshyna-chakyruu-aldy



Добавить комментарий