Димаш Кудайберген Азиядагы эң келбеттүү мырзабы?

16 сентябрь 2021 15:00 2312 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Азиядагы эң келбеттүү эркектин наамы үчүн талапкер болууда. Бул тууралуу King Choice рейтингине таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Эң келбетүү азиаттардын конкурсу 30-сентябрга чейин уланат. Димаш Кудайберген аталган рейтингде экинчи орунда келе жатат, ага 1 290 408 адам добуш ыйгарган. Биринчи орунга Түштүк Кореянын BTS тобунун ырчысы Ким Сокджин талапкер болууда, ага 1 973 428 күйөрман добуш берген. Үчүнчү орунда 967 161 добушка ээ болуу менен тайланддык актер Уин Метавин келе жатат.

Димаш Кудайберген рейтингге катышкан жалгыз казакстандык болуп саналат. Бул сынакка Корея, Кытай, Тайван, Таиланд, Гонконг, Япония, Филиппиндин актерлору жана ырчылары катышып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/dimash-kudajbergen-aziyadagy-e-kelbett-myrzaby



Добавить комментарий