Түштүк Кореянын "BTS" тобунун онлайн концерти рекорд койду (Видео)

23 июля 2020 17:20 1162 Barometr
Поделиться в:
ok

Түштүк Кореядан чыккан дүйнө жүзүнө белгилүү "BTS" тобу акылуу онлайн концерт өткөрүү менен андагы көрүүчүлдөрдүн саны боюнча «Гиннес» рекорддор китебине кирди. Аны түз эфирден 756 миң көрүүчү көрдү. Бул тууралуу «Гиннес» рекорддор китебинин баракчасына шилтеме берип «Барометр» которду.

««BTS” тобунун онлайн концерти 14-июнда Сеулда өткөн. Ал аталган топтун дебют катары чыкканынын 7-жылдыгына арналган. Түз алып көрсөтүүнү 100дөн ашуун өлкөнүн 756 миң көрүүчүсү көрдү. Шоу-программага күбө болууну каалаган күйөрмандар үчүн билет баасы болжолдоп алганда 1 256 сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореялык топ буга чейин да рекорддор китебине кирген. Анда алар АКШнын «Billboard” чартына алдыга оозуп чыккан эң алгачкы К-Рор тобу болгон. 2018-жылы "Love yourself: Tear" чыгармасы менен жана 2019-жылы "Map of the soul: Persona" аттуу ыры менен алдыңкы орунга чыккан.

Ошондой эле, Тик-Ток платформасында аз убакытта миллион катталуучуну чогулткан топ аталган. 24 саттын ичинде бул топтун күйөрмандары 60 миллион 055 миң 339 жолу аталган топтун #TwitterBestFandom хештегин колдонгон.


Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-koreyanyn-bts-tobunun-onlajn-koncerti-rekord-kojdu-video



Добавить комментарий