Димаш Кудайберген Азиядагы эң келбеттүү мырза деп таанылды

1 октябрь 2021 16:14 1126 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Азиядагы эң келбеттүү эркек деп таанылды. Бул тууралуу “King Choice” сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган сайтта өткөн онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Димаш Кудайберген 9 304 871 адамдын добушун алган. Ал эми экинчи орунду Түштүк Кореянын “BTS” тобунун ырчысы Ким Сокджин ээлеген, Ага 8 197 925 адам добуш берген.Үчүнчү орунга дагы бир түштүк кореялык ырчы Чха Ын У 1 918 514 добуш алуу менен чыккан.

Эскерте кетсек, эң келбетүү азиаттардын конкурсу кечээ 30-сентябрга чейин болду. Бул сынакка Корея, Кытай, Тайван, Таиланд, Гонконг, Япония, Филиппиндин актерлору жана ырчылары катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/dimash-kudajbergen-aziyadagy-e-kelbett-myrza-dep-taanyldy



Добавить комментарий