Dili.me деген каймана аттуу белгилүү өзбек вайнери кармалды

17 март 2023 09:27 1457 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Dili.me деген каймана ат менен таанылган популярдуу өзбек вайнери  Дилшод Уразбаев күйөө баласын сабап коюуп кармалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, буга чейин ал укук коргоо органдарынын чакыруусуна келбей койгон, ошол себептен ага издөө жарыяланган. 

Укук коргоо органдары аны 10-мартта кармашкан.

 23 жаштагы Dili.me каймана аттуу белгилүү вайнер жана анын достору адамды сабады деген шек менен кылмыш иши козголгонун Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирген. Ведомствонун маалыматына караганда, Dili.me деген ат менен белгилүү Дилшод Уразбаев (Инстаграмда 3,2 миллион катталуучусу бар) жана анын достору «коомдогу жүрүм-турум эрежелерин атайылап бузган», П.А.ны сабап, жарадар кылган деп шектелүүдө.  

Бул боюнча Ташкенттин Яшнабад районунун прокуратурасы Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш ишин козгогон. Бир нече жолу чакырууга карабай кылмышка шектүү тергөөгө келбей качып жүргөндүктөн, ага издөө жарыяланган.     

 
 
 
 

Вайнер 10-мартта кармалган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучу Уразбаевдин күйөө баласы, анын карындашынын күйөөсү болгон.  
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/dilime-degen-kajmana-attuu-belgil-zbek-vajneri-karmaldy



Добавить комментарий