Жарандар көп бара турган объектилерде дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө
19-апрель күнү өлкө боюнча 28 624 метр чарчы имараттын ичи, 57 368 метр чарчы имараттын сырты, жалпы 85 992 метр чарчы аймак дезинфекцияланып, иш-чарага 150 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге ,маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана даарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.
Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат).
112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 6395 чалуу катталып, анын ичинен 385 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/dezinfekciyaloo-ishteri-zharandar-kp-bara-turgan-obektilerge-zhrgzlld
Добавить комментарий ×