Депутаттар тобу Өкмөттүн ыйгарым укуктарын жарандык коргонууга ылайык келтирүү демилгесин сунуштады

24 декабрь 2019 13:36 2568 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын жарандык коргонуу жаатына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар тобу. Демилгечилердин бири Закир Шараповдун атымында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесине ылайык, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары суу ташкындарын, сел агымдарын коопсуз өткөрүү, кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү, жер көчкү жараяндарынын кооптулугун азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо иштери үчүн жүргүзүлөт. “Ошондон улам, Өкмөттүн жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктарын калктуу конуштарды жана тиричиликти камсыз кылуучу обьектилерди коргоо боюнча атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү менен толуктоо сунушталууда”, - деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-tobu-kmttn-yjgarym-ukuktaryn-zharandyk-korgonuuga-ylajyk-keltir-demilgesin-sunushtady



Добавить комментарий